Муздаткычтар
 

Жашылча-жемиштер үчүн муздаткыч камералар (жашылча сактагыч)

           

           Азыркы учурда жылдын мезгилине карабастан дүкөн текчелериндеги жаңы жашылчаларды жана жемиштердин болушу эч кимди таң калтырбайт. Жашылчалар жана жемиштер заманбап соода түйүндөрүндөгү (базарлар, супермаркет, дүкөндөр) негизги товарлар болуп эсептелет. Жашылчаларды жеткирүү менен алектенген ишкерлер азыктын бузулуп кетиши жана анын кесепетинен олуттуу каржылык чыгымга учуроо сыяктуу жагымсыз окуялар менен жакшы тааныш. Биз мындай кирешелерден кол жууп калуудан сактанууга жардам беребиз. Жашылча-жемиштериңизди сактоо үчүн биздин камераларды пайдалансаңыздар капуста, картөшкө, жашылча, алма жана башка жашылчаларды сактоо мөөнөтү кыйла узарат. 

Сунушталган муздаткыч камералар – ар түрдүү системалардын жана агрегаттардын комплекси, алардын милдети – жашылча азыктарын туура сактоо үчүн зарыл болгон климаттык режимди камсыздоо. Бул жерде температуранын жана нымдуулуктун параметрлери абдан маанилүү, бирок желдетүүнүн өзгөчөлүктөрү да андан кем эмес роль ойнойт. Ага ылайык, муздатуучу агрегаттардан тышкары камера кубаттуу желдеткичтер жана инновациялык желдетүү менен жабдылган. Жашылча-жемиштерди сактоо үчүн муздаткыч камеранын температуралык режими 0°С дан +4°Сга чейин, көлөмү 360 куб метр.

Биз соц. тармактарда