Компания жөнүндө.  

          «Кегети сүт» сүт азыктарын чыгаруучу ишканасы 1997-жылы Токмок эт комбинатынын базасында негизделген, анын башка багыттагы ишмердиги болуп “Токмок колбасалары” аталышындагы колбаса азыктарын өндүрүү эсептелет. Ишкананын башкы артыкчылыгы болуп өзүнүн кардарларынын ден соолугуна, азыктардын жогоку сапаты жана накталыгына, технологиялык процесстерди жана жабдууларды дайыма жаңылоого кам көрүүсү эсептелет.

 

Фермердик чарба. 

           

            Ишкананын концепциясы азыкты кайра иштетүү жана керектөөчүлөргө жеткирүү убактысы максималдуу кыска болуш керек деген талаптарга негизделген. Биз алгачкылардан болуп сырьелорду даярдоо: Ала-Тоо, голштин-фриз, америкалык жана норвегиялык уруктагы асыл тукум уйларды өзүбүздүн фермада көбөйтүү практикасын баштадык. Уйларды байлабай турган жана саанчылыктын заманбап системасы менен мал чарба комплекси Кыргызстандын Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети көркөм бийик тоолуу айылында жайгашкан.

Витаминдер менен байытылган тоюттар жана мал чарбачылыктын заманбап методдору азыктандыруучу заттардын кынтыксыз көрсөткүчтөрү менен жогорку сорттогу сүт алууга мүмкүндүк берет. Андан даамдуу жана пайдалуу азыктарды өндүрүү менен, биз бул касиеттерди абсолюттуу сактоо жөнүндө кам көрөбүз. Биздин кредо – талаадан дасторконуңузга тартууланган тамшандырган азык.

Багуудагы уйларыбыз үчүн Кегети айылындагы өздүк талааларда уйларыбыз үчүн тоюттарды өстүрөбүз. Өсүмдүктөрдүн мыкты сорттору атайын кам көрүлүп иштетилген жерлерден алынат.

 

ЖАБДУУЛАР

         

              Бүгүн “Кегети сүт” сүт азыктарын чыгаруучу ишканага түшкөн бардык сүттөр кокусунан жолугуучу майда бөлүктөрдөн эле эмес, микроорганизмдердин бардык түрлөрүнөн жүз пайыз тазалоочу немис өндүрүшүндөгү заманбап пастерленүүчү-муздатуучу орнотмолордон иштетилип чыгат. Ушундай тазалоодон улам сүттү жылуулатып иштеп чыгуу сүт азыктарын кылдат биологиялык баалуулугун сактоо режиминде жүргүзүлүп, аны сактоонун кепилденген мөөнөтү жогорулайт.

Этти кайра иштетүүнүн заманбап технологияларынын негизи болуп тиешелүү этти кайра иштетүүчү жабдууларды пайдалануу эсептелет. Анын мүнөздөмөсүнөн өндүрүлгөн продукциялардын: колбаса жана чүйгүн азыктардын, сосискалардын, эттин жана башка жарым фабрикаттардын сапаты көз каранды.

Биз европалык этти кайра иштетүү жабдууларында гана иштейбиз. Анын олуттуу бөлүгү Германиядан келген машиналар, анткени бул өлкө эт индустриясындагы дүйнөлүк лидер болуп эсептелет жана этти кайра иштетүү боюнча эң жогорку технологиялык чечимдерди сунуштайт.

 

Биз соц. тармактарда